"Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамы

12 Декабря 2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 31-июлу № 209

Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаты

Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.

3-берене. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

4-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору, же болбосо укук улантуучусу болуп саналган жак;

2) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрдүн фонду (мындан ары - Фонд) - мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан туруктуу негизде, кепилдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлүүчү чегерүүлөр;

3) кепилдик төлөмдөр - камсыздандыруучуну мажбурлап жоюлган жана банкрот болгон учурда, жоопкерчиликтин белгиленген лимиттеринин чектеринде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө жаткан кепилдик төлөмдөр фондунун каражаттарынан төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасы;

4) турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сый төлөмүн) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо ушул окуянын натыйжасында турак жайга келтирилген зыяндын ордун камсыздандырылуучуга же болбосо пайда табуучуга келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө) милдеттүү;

5) турак жай - жеке жактын же юридикалык жактын жеке менчигинде турган (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; адистештирилген турак жай фондусунун үйлөрүндөгү бөлмө; мейманкана, мейманкана түрүндөгү турак үй), туруктуу же убактылуу жашоого арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондусунун өзүнчө бирдиги;

6) турак жайды пайдалануу - турак жайды иштетүү, анда жашап туруу;

7) көз карандысыз эксперт - ушул Мыйзамда каралган камсыздандыруу окуясынын натыйжасында турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга катышуучулар (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, пайда табуучу) ишке тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;

8) өрт - турак жайга материалдык залалдарды келтирген, контролдоого мүмкүн болбогон күйүү процесси;

9) табигый кырсык - чукул мүнөзгө ээ болгон жана турак жайдын бузулушуна жана (же) кыйрашына алып келген жаратылыш кубулушу;

10) камсыздандырылуучу - мыйзамдуу негизде турак жайдын менчик ээси болуп саналган, ага ээлик кылган, аны пайдаланган же тескеген юридикалык жак же аракетке жарамдуу жеке жак, же болбосо менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле жеке жак аракетке жарамсыз болгон учурда камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн анын өкүлү;

11) камсыздандыруу сый төлөмү - келишимде шартталган, камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөөгө милдеттүү акы;

12) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумма;

13) камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөөчү сумма;

14) камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу объектисине тийген тикелей таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна жана бузулуусуна алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) каралган камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат;

15) камсыздандыруу тобокелдиги - болуу учуруна камсыздандыруу жүргүзүлгөн болжолдонгон окуя;

16) камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучу колдоно турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген баа коюмдары;

17) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак (мамлекеттик камсыздандыруу уюму);

18) камсыздандыруу аймагы - милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде камсыздандыруу окуясы болгон аймак.

5-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери

Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде турак жайга келтирилген залалдын ордун толтуруп берүүгө кепилдик;

2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эсепке алуу менен, менчик ээлеринин турак жайды камсыздандыруусунун жалпылыгы жана милдеттүүлүгү;

3) турак жайды пайдалануунун бардык мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандыруунун колдонулушунун үзгүлтүксүздүгү.

6-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси

1. Камсыздандыруу окуясынын болушунун жана тикелей таасиринин натыйжасында турак жайдын, анын ичинде турак жайдын конструкциялык элементтеринин (чатырынын, дубалынын, пайдубалынын, каалгаларынын, терезелеринин, газ түтүк, суу түтүк, жылытуу жана каналдаштыруу тутумдарынын), турак жайдын жасалгалоо элементтеринин жок кылынышына же бузулушуна байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.

2. Төмөнкүдөй турак жайлар милдеттүү камсыздандырылууга жатпайт:

1) авариялык абалда болгон;

2) ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып бузула турган же багытын өзгөртүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып турак жай эмес курулушка багыты өзгөртүлүүчү үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;

3) милдеттенмелер боюнча өндүрүп алуу чегерилген;

4) жер тилкесинин алып коюлушуна байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;

5) техникалык талаптарды бузуу менен курулган;

6) конфискацияланууга жаткан.

2-глава. Милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби

7-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси)

1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (камсыздандыруу полисинин) негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:

1) камсыздандыруу полисинин тараптарын (камсыздандыруучуну, камсыздандырылуучуну);

2) пайдасына камсыздандыруу полиси түзүлгөн жакты (пайда табуучуну);

3) камсыздандыруунун объектисин - турак жайды;

4) болгон учурда камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп бериле турган камсыздандыруу окуяларын;

5) камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн;

6) камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана аларды төлөө мөөнөтүн;

7) колдонуу мөөнөтүн;

8) камсыздандыруу объектисинин аймактык турган жерин жана камсыздандыруу аймагынын дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу аймагын.

3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык кабыл алынган турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин шарттарына туура келүүгө тийиш.

4. Камсыздандыруучунун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын бардык өкүлдөрүнүн турган жери жана почта боюнча даректери, алар менен байланышуу каражаттары жана алардын иштөө убакыттары жөнүндө маалыматтар камсыздандыруу полисинде көрсөтүлүүгө тийиш.

8-берене. Камсыздандыруу окуялары

1. Камсыздандыруу окуясы деп төмөнкүлөр эсептелет:

1) өрт (жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын тийгизген таасири), анын ичинде камсыздандырылган турак жайдан сырткары чыккан өрт кырсыгы;

2) өрттү өчүрүү боюнча мыйзамдуу аракеттерди жасоонун натыйжасында суунун турак жайга кириши;

3) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары:

а) жер титирөө - жер кыртышынын же жер мантиясынын жогорку бөлүгүнүн күтүүсүз оошуусунун жана жарылуусунун натыйжасында келип чыккан, күчү 6 балл жана андан жогору жер алдындагы силкинүүлөр жана термелүүлөр;

б) сел - анча чоң эмес тоо дарыяларынын бассейндеринде жана кургак кокту-колоттордо, эреже катары, нөшөрлөгөн жаандан же кардын тез эришинен улам күтүүсүздөн келип чыккан минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын (агымдын көлөмүнүн 50-60 пайызына чейин) абдан чоң аралашмалары менен келген агын суу;

в) суу ташкыны - кардын, мөңгүнүн эришинин күчөшүнөн же нөшөрлөгөн жаандан келип чыккан дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилдүү эмес көтөрүлгөн дарыянын суу режиминин фазасы;

г) бийик тоолордогу табигый көлдөрдүн тосмолорун жырып кетүү - тосмонун толук же жарым-жартылай кыйрашынын кесепетинен дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулган, кыйратуучу күчкө ээ селдин жана суу ташкынынын агымы;

д) кар көчкү - кыйратуучу күчкө ээ, тоолордун боорлорунан кардын жана (же) муздун тез, күтүүсүз кулап түшкөн кыймылы;

е) уроо - оордук күчүнүн басымы астында тоо боорлорунан төмөн карай тоо тектеринин массасынын кулап түшүшү жана урашы. Уроолор дарыя жээктериндеги жана өрөөндөгү, тоолордогу, көл жээктериндеги жарларда пайда болот. Салмак күчүнүн урашынын жана аны кармоо күчүнүн ортосундагы теңдемдин бузулушу уроонун жаралышынын себеби болуп саналат;

ж) таш кулоо - чоң ташка чейинки тоо тектеринин сыныктарынын урап түшүшү же боордон тоголонуп түшүшү;

з) жер көчкү - гравитациялык күчтүн таасири астында боордон же жантаймадан тоо тектеринин чоң көлөмдөгү массасынын төмөн карай көчүшү;

и) суу каптоо, кыртыштагы суунун деңгээлинин жогорулашы - суу сактагычтарды жана плотиналарды курууда дарыядагы суулардын горизонтунун жогорулашы, суу түтүктөрүнөн жана каналдык тутумдардан жана башкалардан суулардын жоголушунан келип чыккан кыртыштагы суунун деңгээлинин күтүүсүздөн жогорулашы, мунун баскычтары:

күчтү суу каптоо - инженердик курулуштарды залалга, кыйроого алып келген, жер үстүнөн 0-0,3 м деңгээлде болгон кыртышындагы суу каптоо;

орточо суу каптоо - инженердик курулуштарды залалга, кыйроого алып келген, жер үстүнөн 0,3-2,0 м деңгээлде болгон кыртышындагы суу каптоо;

азыраак суу каптоо - инженердик курулуштарды залалга, кыйроого кириптер кылган, жер үстүнөн 3,0-5,0 деңгээлде болгон кыртышындагы суу каптоо;

к) күчтүү шамал - катуу шамалдын күчү 25 м/сек. жана андан жогору шамал;

л) ак жаан, узак жаан - суулардын киришине, суунун каптап кетишине, басып калуусуна алып келген, бир нече сутка бою атмосферадан тынымсыз жаап турган суюк жаан-чачын. Жаандан түшкөн суунун көлөмү 48 сааттын ичинде 60 мм жана андан ашыгыраагы;

м) катуу жаан, нөшөр (кар аралаш жаан, нымдуу кар) - суулардын киришин, суунун каптап кетишин, басып калышын жараткан, сутка ичинде атмосферадан тынымсыз жаап түшкөн суюктук жаан-чачын. Жаан-чачындардын саны 12 саатын ичинде жана андан азыраагы 30 мм жана андан ашыгыраагы;

н) бурганак - кардын узакка жаашы -12 саатын ичинде жана андан азыраагы 20 мм жана андан ашыгыраагы;

о) борошо - узактыгы 12 саатын ичинде жана андан ашыгыраак болгон күчтүү шамалдан улам кардын которулушу, 12 м/сек жана андан ашыгыраак ылдамдыктагы шамалда кардын жаашы менен коштолушу ыктымал;

п) мөндүр - диаметри 20 ммден көп болгон муз бөлүкчөлөрү түрүндө, жылдын жылуу мезгилинде жааган атмосфералык жаан-чачын.

4) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын болушунун натыйжасында турак жайлардын бузулуу (жок болуу) коркунучу жарыялангандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча камсыздандырылган турак жайды бузуу жана коопсуз зонага алып баруу.

2. Ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруу окуясы деп камсыздандыруу аймагында түздөн-түз болгон окуя таанылат.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) колдонулуп жаткан мезгилде иш жүзүндө болгон жана күтүүсүздөн турак жайдын бузулушунун же кыйрашынын себеби болгон жана тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ырасталган окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат.

3. Окуялар төмөнкүлөрдүн натыйжасында болсо, камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт:

1) камсыздандырылган турак жай арналышы боюнча пайдаланылбоосунун;

2) согуш аракеттеринин жана алардын натыйжаларынын, террордук актылардын, жарандык толкундоолордун, жапырт тартипсиздиктердин, иш таштоолордун, аскердик, мамлекеттик жана сот органдарынын тескемеси боюнча конфискациялоонун, камак салуунун, жок кылуунун же бузуунун;

3) кандай болбосун түрдөгү ядролук энергиянын таасиринин;

4) турак жайдын же анын бөлүгүнүн урап түшүүсүнүн, эгерде мындай уроо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн окуялардан улам келип чыкпаса;

5) камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же болбосо алардын жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн атайылап жасаган аракеттеринин;

6) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып берилгендерден башка себептердин.

Ушул бөлүктө саналып берилген аракеттер, себептер жана окуялар тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ушундай окуялар деп таанылат.

4. Жардыруу иштерин жүргүзүүдөн келип чыккан жер көчкүдөн, жер кыртышынын чөгүүсүнөн же кыртыштын башка кыймылынан же котловандарды же карьерлерди казуудан, жер астындагы коммуникацияларды коюудан, боштукту толтуруудан же топурак-таш үйүү иштерин жасоодон, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуудан жана иштетүүдөн келип чыккан чыгымдар чыгым келтирген жакка карата камсыздандыруучу койгон талапка (суброгацияга) ылайык орду толтурулууга жатат.

5. Эгерде төмөндө көрсөтүлүүчү жылчык-тешиктер шамалдын, бороондун, куюндун же аба массаларынын башка кыймылдарынын натыйжасында жаралбаса, камсыздандырылган турак жайга жабылбай калган терезеден, каалгадан же башка жылчык-тешиктерден жаандын, кардын, мөндүрдүн, ылайдын киришинин натыйжасында келип чыккан зыяндардын орду толтурулууга жатпайт.

9-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери

1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жоголуп кеткенде анын жупнускасын алууга;

2) камсыздандырып ордун толтуруунун суммасына макул болбогон учурда турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга;

3) камсыздандыруучу жүргүзгөн, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

4) камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашып-тартышууга;

5) камсыздандырып ордун толтурууну алууга;

6) кезектеги камсыздандыруу мезгилине (жылына) камсыздандыруу полиси болгон шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын натыйжасында бузулган турак жайларды курууга, кайра конструкциялоого мамлекеттик субсидияларды алууга.

2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзүүгө;

2) милдеттүү камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полисине) киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;

3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөгө;

4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;

5) камсыздандыруу тобокелдигинин өсүшү (камсыздандыруу келишими боюнча зыяндын ордунун толтурулушуна же толтурулбашына карабастан, турак жайдын ижарага, күрөөгө, башка адамдын пайдаланышына же карамагына берилиши, турак жайга болгон менчиктин башка адамга өтүшү, турак жайды оңдоонун жасалышы, анын кайра курулушу же кайра жабдылышы, коопсуздук режиминин өзгөрүшү, мүлктүн зыянга учурашы же жок кылынышы д.у.с.) жөнүндө камсыздандыруучуга эки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирүүгө;

6) беш календардык күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кабардаманын жазуу жүзүндөгү түп нускасын кийин жөнөтүү менен);

7) камсыздандыруу окуясынын болуу коркунучунун келип чыгышы жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып өрткө каршы жана авариялык кызматтардын органдарына токтоосуз билдирүүгө;

8) мүмкүн болуучу зыяндардын алдын алуу же анын көлөмүн азайтуу үчүн чараларды көрүүгө, анын ичинде мүлктү жана турак жайды сактоо боюнча чараларды көрүүгө;

9) камсыздандыруу окуясы болгондон кийин турак жайды карап чыгууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыз кылууга;

10) камсыздандыруу окуясынын болушун далилдөөгө жана камсыздандыруучунун талабы боюнча ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык зарыл документтерди берүүгө;

11) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата талап коюу укугунун (суброгациянын) камсыздандыруучуга өтүшүн камсыз кылууга.

3. Камсыздандыруучу болбогон учурда камсыздандырылуучунун бардык милдеттери анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөсүнө же болбосо ал ыйгарым укук берген жакка жүктөлөт.

4. Камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралышы мүмкүн.

10-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери

1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) камсыздандыруу окуясы келип чыккан фактыны жана турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн ырастоочу документтерди мамлекеттик органдардын жана уюмдардын компетенцияларына жараша алардан сурап алууга;

2) турак жайдын зыянга учуроосунун же жок кылынышынын себептерин аныктоочу компетенттүү органдардын комиссиясынын ишине катышууга;

3) камсыздандыруу окуясы болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга.

2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;

2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга таанышуу үчүн берүүгө;

3) камсыздандыруу окуясы таанылганда бардык зарыл документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде камсыздандырып ордун толтуруу төлөмүн жүзөгө ашырууга;

4) камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартууга негиздер болгондо баш тартуунун себептерин негиздөө менен, бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө бул тууралуу камсыздандырылуучуга билдирүүгө;

5) камсыздандыруунун жашыруун сырын сактоого;

3. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.

11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү

Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү, мындай келишимди колдонуунун башка мөөнөттөрү ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн датадан тартып бир жылды түзөт.

12-берене. Камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмүн аныктоо

Камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Калктын социалдык аялуу катмарларына жеңилдиктер берилет.

Калктын социалдык аялуу катмарларынын категориясына кирген адамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

13-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү

1. Камсыздандырылуучу камсыздандыруу суммасынын чектеринде зыяндын ордун пайда табуучуга толтуруп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талап коюуга укуктуу. Камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талапты камтыган камсыздандырылуучунун арызы, ага тиркелген документтер менен бирдикте камсыздандыруучуга камсыздандыруучунун же болбосо камсыздандырылуучунун көрсөтүлгөн талаптарын кароого жана камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга камсыздандыруучу ыйгарым укук берген анын өкүлүнүн турган жерине жөнөтүлөт.

2. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;

2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;

3) компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери;

4) камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн), уюштуруу документтери, каттоо жөнүндө күбөлүк жана өкүлгө берилген ишеним каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).

3. Камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча башка документтерди камсыздандыруучунун талап кылышына жол берилбейт.

4. Арыз берүүчүдөн документтердин алынгандыгын камсыздандыруучу ырастоого тийиш.

5. Камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучунун арызын бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу жабырлануучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнү жүргүзүүгө же жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.

6. Камсыздандыруучунун күнөөсү боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткенде, анын ичинде мөөнөттү өткөрүү камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн камсыздандыруучунун негизсиз баш тартуусунан улам болгондо, камсыздандыруучу мөөнөт өткөндөн кийинки ар бир күн үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

7. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу суммасынын чектеринде жүргүзүлөт. Камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.

8. Камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө кабардаманы алганда, камсыздандыруучу бул кабардаманы алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде зыянга учураган мүлктү карап чыгууга милдеттүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулууга жаткан зыянга учураган мүлктү карап чыгуу камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмүн ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербегенде, камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга укуктуу.

8. Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) негизинде төлөнүп берилген камсыздандыруу төлөмүнүн наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон чыгымдардын курамына кирет.

9. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн курамына киргизилген көз каранды эмес экспертизаны өткөрүүгө жумшалган чыгымдарды кошуп алганда, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) колдонулушунун ичинде мурда төлөнүп берилгендерди эсепке алуу менен милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашуусу мүмкүн эмес.

14-берене. Камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартышы жана бошотулушу

1. Камсыздандырып ордун толтурууну камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) төлөп берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат.

1) эгерде камсыздандыруу окуясы болгонго чейин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу токтотулса;

2) камсыздандыруу окуясы милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө киргенге чейин болсо;

3) камсыздандырылган турак жайдын жок болушу же зыянга учуроосу камсыздандыруу окуясына тиешеси жок себептерден улам келип чыкса;

4) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) шарттарына ылайык камсыздандыруу сый төлөмдөрү төлөнбөсө;

5) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча арзыбас келишим болуп саналса;

6) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган, кылмыштуу жол менен алынган турак жай кылмыштын предмети болсо же конфискацияланууга жатса;

7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурга карата камсыздандыруу объектиси болбосо;

8) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо милдеттүү камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө төмөндөгүдөй негиздер боюнча доо койсо:

а) камсыздандыруу окуясынын шарттарын изилдөөгө же келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу же пайда табуучу тоскоолдук кылганда,

б) камсыздандыруу окуясы болгон учурга карата камсыздандырылган мүлктү сактоо кызыкчылыгы камсыздандырылуучуда жана пайда табуучуда болбогондо түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими болгондо;

в) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга атайылап жалган маалыматтарды бергендиги тастыкталганда.

2. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө камсыздандыруучу өз учурунда билгендиги далилденбесе, же болбосо бул жөнүндө камсыздандыруучуда маалыматтын болбогондугу анын камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү милдеттерине таасир тийгизбесе, ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "а" пунктчасында каралган милдеттенмелерди камсыздандырылуучунун аткарбагандыгы камсыздандыруучуга камсыздандырып ордун толтурууларды төлөөдөн баш тартууга укук берет.

3. Камсыздандыруучу төмөндөгүдөй негиздер боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотулат:

1) зарыл коргонуу, өтө зарылдык абалында атайын жасалган учурларды кошпогондо, эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атайылаган ниетинин же болбосо одоно этиятсыздыгынын натыйжасында болсо;

2) эгерде ушул камсыздандыруу окуясы ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн окуялардын натыйжасында келип чыкса;

3) камсыздандырылган мүлктүн сот органдарынын чечими жана мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескемеси боюнча алып коюлгандыгынын, конфискациялангандыгынын, реквизициялангандыгынын, мүлккө камак салынгандыгынын же мүлктү жок кылуунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар болсо.

4. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу ордун толтурган чыгашалар үчүн жоопкер адамга карата талап коюу укугунан баш тартса же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту жүзөгө ашырууга мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөөдөн же тиешелүү бөлүгүн төлөөдөн бошотулат жана ал ордун толтуруунун ашыкча төлөнүп берилген суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган башка учурларда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу, же болбосо камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

15-берене. Көз каранды эмес эксперттер

1. Турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө жүргүзүлгөн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же камсыздандыруучу көз каранды эмес эксперттерди ишке тартат.

2. Көз каранды эмес эксперттер камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденүү менен, он календардык күндүн ичинде милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Көз каранды эмес эксперттер - өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, камсыздандырып ордун толтурууну эсептеп чыгуунун методикасын жетекчиликке алууга, өз ишин жүзөгө ашырууга укугун бышыктаган документтерге ээ болууга милдеттүү жана маалыматтардын аныктыгы жана баалоо актысын түзүүнүн тууралыгы үчүн кылмыш-жазалык жана жарандык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга милдеттүү.

16-берене. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу

1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу тарифтерин же алардын деңгээлдеринин чектерин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучунун аларды колдонуу тартибин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу тарифтерин, алардын түзүмүн ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Камсыздандыруу тарифтери базалык коюмдардан жана коэффициенттерден турат. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирүүчү коэффициенттер камсыздандыруу тобокелдигинин чоңдугуна таасир берген, турак жай жайгашкан аймакка, турак жайдын техникалык абалына жараша белгиленет.

4. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү камсыздандыруу тарифтеринен жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмүнөн келип чыккан төлөмдөр катары эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген камсыздандыруу тарифтери камсыздандыруучу үчүн милдеттүү болот. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча белгиленгенден айырмаланган коюмдарды жана (же) коэффициенттерди колдонууга укуксуз.

 

Файлы:
  1. Токтом.pdf (188.20 KB)